Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:58

Коомдук транспорттун техникалык абалы текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык коомдук транспорттун техникалык абалын текшерүү максатында көчмө жыйын өткөрөт. Башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук районунда өтчү жыйынга жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары, фирмалардын жана бул багыттагы ишканалардын жетекчилери катышат.

- Көбүнчө жол кырсыктары Бишкек-Ош жолунда катталып жатат. Ошондуктан ушул каттамда жүргөн айдоочуларга басым жасалып жатат. Диагностикалык борбордун жабдуусу жеткирилип, текшерүү жүргүзүлөт, - деди ал.

Бүгүнкү иш-чарада коомдук транспорттун техникалык абалынан тышкары айдоочулардын жол эрежесин сакташына, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жоболордун аткарылышына басым жасалат.

Соңку учурда маршруттук кичи автобустар катышкан кырсыктар көп катталып жатат. Коомчулукта алардын айдоочулары ылдамдык эрежелерин сактабай, жүргүнчүлөрдү ашыкча салат деген нааразылык күч. Аталган башкармалык да жол тыгындары менен кырсыктарга негизинен кичи автобустар себепчи экенин маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG