Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Трамп 2020-жылы өтчү шайлоо өнөктүгүнүн менежерин дайындады


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоону утурлай саясий технолог Брэд Парскейлди өз өнөктүгүнүн менежери кылып дайындады. Трамп эки жылдан кийин боло турган шайлоо өнөктүгүнө болушунча эртерээк даярдык көрүш үчүн шарт түзүп жатканын айтты.

Былтыр Парскейл Трамптын кылган иштерин, күн тартибин алдыга жылдырып, сүрөп турчу "America First Action" уюмунун иштерине катышып келген. "Америкалык ЖМКлар 2016-жылдагы шайлоодо Парскейл "Фейсбукта" Трампты сүрөп турганын жазышты", - деп билдирет "Reuters" агенттиги.

XS
SM
MD
LG