Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун колдоосу менен кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачып жатат. Бул иш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтыгы менен ишке ашырылмакчы. Натыйжада Кыргызстандын алыскы айылдарындагы 10 миңге жакын наристе бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Нарын облусунун Кочкор районундагы жумушчу сапарынын учурунда билдирди.
Мындан тышкары учурда мектепке чейинки программаларга тартылбаган 6-7-жаштагы балдар “Наристе” атттуу балдарды мектепке даярдоо программасы боюнча мектепке даярдык көрөт. Ошондой эле ачылып жаткан 120 бала бакчанын 310 башчысы жана педагогдору окутулду.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилеп, аймактарды өнүктүрүш үчүн узак мөөнөттүү программаларды кабыл алууну тапшырган. (КЕ)