Бишкекте кудуктан табылган адамдын сөөгү ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Свердлов районунун аймагында, Чыгыш-5 кичи районундагы кабат үйлөрдүн биринин жанындагы кудуктун ичинен 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү шаршемби күнү табылган.
Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.