Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Кыргыз-казак дипломаттары депутаттын кармалышын талкуулашты


Асылбек уулу Дамирбек.
Асылбек уулу Дамирбек.

Кыргызстандын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалыш жагдайларын талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси билдирди.

Министрлер Эрлан Абдылдаев жана Кайрат Абдрахманов Будапештте өткөн “Борбор Азия+Вышеград тобу” жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланды. Депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышынын жагдайлары, процедуралык маселелер тууралуу да сөз болду.

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Ал Кыргызстандын эки жараны менен кошо эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан.

Бирок депутаттын жакындары мындай маалыматты четке кагып, Асылбек уулу Кыргызстанда туулуп-өскөнүн, кыргыз жараны экенин билдирип келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG