Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Улуттук банктын кирешесинин 90 пайызын бюджетке которуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Улуттук банктын кирешесинин 90 пайызын республикалык бюджетке которууну сунуш кылып жатат. Мындай мыйзам долбоорун 28-февралда Жогорку Кеңеш карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, буга чейин Улуттук банктын кирешесинин 70 пайызы бюджетке которулуп келсе, мындан ары бул көрсөткүчтү 90 пайызга чейин көтөрүү каралган.

2017-жылы Улуттук банктын кирешеси 2 миллиард 300 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2016-жылы ал 3 миллиард 777 миллион сом болгон эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG