Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:05

Күрөш: Махмудов менен Азисбеков Азия чемпионатынын финалына чыгышты


Акжол Махмудов Азия чемпионатынын жарым финалдык таймашында. 28-февраль, 2018-ж. Бишкек.

Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Атабек Азисбеков финалдык таймаштарга чыкты.

Бүгүн, 28-февралда грек-рим күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп жатат.

72 килограмм салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов финалга чейин үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын артыкчылык менен утту.

Алгач ал иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утту.

Эми алтын байге үчүн финалдык таймашта ал казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашат.

82 килограмм салмакта килемге чыккан Атабек Азисбеков өзбекстандык Нурбек Хашимбековду (3:3), индиялык Сингх Харпритти (5:0) жеңип, финалга жолдомо алды.

Ал эми Азия чемпону наамы үчүн казакстандык Асхат Дилмухамедов менен күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Мелдештердин жүрүшүн Кыргызстандын аймагына "КТРК Спорт" телеканалы түз алып көрсөтүүдө.

Ал эми бүгүн килемге чыккан грек-рим күрөшүнүн балбандары Каныбек Жолчубеков (60 кг) менен Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге үчүн күрөшөт. ​

Дагы бир кыргызстандык балбан Роман Царев (67 кг) чейрек финалда атаандашына жеңилип, мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 27-февралда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар менен башталган. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын балбандары эки күмүш, эки коло байге алышкан.

Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. Эртең эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG