Ысык-Көл облусунда диний көз караштан улам балдарын мектепке жибербеген ата-энеге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү.
Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл райондук прокуратурасынын өкүлдөрү кабарлашты.
47 жаштагы Жыргалбек Асанбеков жана 43 жаштагы Бактыгүл Абдрахманова Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча ("Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") айыпталууда.
Прокурорлор алар Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Йакын инкар» диний агымынын мүчөсү катары 16 жана 11 жаштагы кыздарын жалпы билим алууга болгон укугунан ажыраткан деп эсептөөдө.
Социалдык кызматкерлердин айтымында, алар беш жылдан бери көчөгө чыкпай, теңтуштары менен байланышпай, диний агымдын китептеринен башканы окубай, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөй жашап жатышат. Ал эми психолог адистер кыздардын денесинде көк ала тактар бар экенин, жабык жашоонун айынан алардын психикалык өнүгүшүндө мүчүлүштүктөр бар экенин аныкташкан.
Өткөн аптада Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында диний көз караштан улам мектепке барбай жаткан эже-сиңдинин маселеси атайын комиссиянын көзөмөлүнө алынган.
Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 15-июнда Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ага чейин бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият да тыюу салган эле.
"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму катары таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү "балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин эрежелерди карманып келишкени менен белгилүү.
Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган. (AsM)