Назарбаев казак тилинде иштөөнү талап кылды
Казакстанда ушул тапта президенттин тил тууралуу айтканы кызуу талкууланууда. Назарбаев бийликтегилер казак тилинде иш алып барышы керектигин талап кылган эле. Анын эртеси эле өкмөттүн жыйыны дароо казакча өттү. Бирден бир жабык өлкө саналган Түндүк Кореянын лидери бир кезде атасы менен дүйнө кыдырууну көздөгөнбү? Рейтер агенттиги ата-бала 90-жылдары Бразилиянын паспортун алышканын жазып чыкты. АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылкы шайлоого камылганы эмитен баштады. 27-февралда саясий технолог Брэд Парскейлди шайлоо кампаниясынын менежери кылып дайындады. Ооган президенти ок атышууну токтотууну, түрмөдөгүлөрдү бошотууну; паспорт, Кабул же башка макулдашылган жерден кеңсе берүүнү жана санкцияларды жоюуну талиптерге сунуш кылды.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2026Санкция санаасы: Кыргыз өкмөтү ондогон ишкананы жапты
-
Октябрь 29, 2026Испания: Кырсыктаган поездде 70тей киши набыт болду
-
Октябрь 28, 2026Сот Перизат Суранованын кенемте боюнча арызын карай баштады
-
Октябрь 27, 2026Прокурор Коңкубаева: Аскат Жетиген расмий кайрылсын
-
Октябрь 23, 2026Баткенден жөө чыккан Жолдубаева Жапаровго жолугат