Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 15:51

Учурда ар кайсы аймактарда эркектер арасында VIII республикалык Куран окуу боюнча жарыш үчүн тандоо турлары өтүп жатат. Жеңүүчүлөр республикалык мелдешке жолдомо алышат.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Тандоо туру үч түрдө өтөт. Катышуучулар Куранды толук жана жатка айтуу боюнча ат салышат. Сынакка 25 жашка чейинки эркектер гана катыша алат. 11-мартта Ошто, 26-27-мартта Бишкекте өтө турган иш-чараны Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана "Адеп башаты" коомдук фонду уюштурууда. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG