Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:37

"Эйр Кыргызстан" менчиктештириле турган мүлктүн катарына киргизилет


"Манас" аба майданы.

"Эйр Кыргызстан" компаниясын 2018-2020-жылдарда менчиктештириле турган мүлктүн программасына киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлк фонду билдирди.

Көз каранды эмес баалоо компаниясы "Эйр Кыргызстандын" сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сомго баалаган. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өткөн жок деп табылган болчу. Азырынча акцияларды сатып алуу боюнча потенциалдуу инвесторлордон расмий арыз түшкөн эмес.

Аталган авиакомпаниянын жетекчилиги Кыргызстан акциялардын 49 пайызын сатыкка чыгарганын, чет элдиктер анын 51 пайыздан ашыгын алууну көздөп жатышканын кабарлады.

Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар "бул долбоор ишке кирсе банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат. Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин “кара тизмесинен” 2006-жылдан бери чыкпай турат.

Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши жол тартат. Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде учат. Жүргүнчүлөрдүн 60-65 пайызын чет элдик, 35-40 пайызын ата мекендик компаниялар ташыйт. (NT/KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG