Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:37

Порошенко: АКШдан курал жакынкы апталарда келе баштайт


Президент Петро Порошенко Киевдеги басма сөз жыйында. 28-февраль, 2018-жыл.

Украинанын президенти Петро Порошенко мындай маалыматты бүгүн Киевден “2018-жылдын чакырыктары” деген басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кошмо Штаттар бере турган куралдын алгачкы бөлүктөрү жакынкы апталарда келе баштайт.

Арасында антиснайперлик комплекстер, минемотко каршы радарлар, абадан коргонуунун, радиоэлектрондук уруштун каражаттары болот.

Порошенко бул маалыматтын купуялуулугуна таянып, чоо-жайын кеңири айта албай турганын белгиледи.

АКШнын администрациясы Украинага адам өмүрүнө зыян келтирбей турган курал-жарак, анын ичинде танкка каршы Javelin ракетасын берүү чечимин былтыр декабрда жактырган. Орусия буга нааразылык билдирген.

Порошенко Украина үчүн “2018-жылдын да башкы көйгөйү катары - Орусиянын анын өлкөсүнө каршы жүрүп жаткан согушун” атады.

Порошенконун айтымында, акыркы 24 саатта эле Орусия колдогон жикчилер минемоттон 300дөй ирет ок ачышты.

2014-жылдын апрелинен бери Донецк жана Луганск облустарынын бөлүктөрүндө украин аскерлери менен Орусия колдогон жикчилердин куралдуу кагылышында 10300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG