Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 00:00

Прокуратура кызматкерлери 24-февралга караган түнү Ташкент облусунун мурдагы прокурору, юстициянын улук кеңешчиси Жамшид Файзиевди өз үйүнөн кармап кетишти.

26-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы булактар кабарлашкандай, ага каршы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Ага ылайык, Файзиев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" жана "пара талап кылган" деп айыпталды.

Ал Ташкент облусунун прокурорунун кызматынан былтыр, президент Мирзиёев аны «башкы ууру» деп атагандан кийин бошотулган.

Файзиев 2013-жылы Ислам Каримовдун укук коргоо органдарын координациялоо боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бул кызматта тогуз ай иштегенден кийин башкы прокурордун орун басары болгон. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент облусунун прокурору болуп дайындалган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG