Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Ысык-Көл: тогуз жаштагы кыз кар алдында калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин маалыматына караганда, Каракол шаарындагы “Каприз” эс алуу жайынан 4-5 чакырым жерде кар көчкү түшүп, ата-энеси менен өз алдынча эс алып жүргөн тогуз жаштагы кызды басып калган.

Окуя 28-февраль күнү кечки саат беш чамасында болду. Кыздын ата-энеси жана эс алуучу жайдын куткаруучулары көчкү астынан жеткинчектин сөөгүн таап, “Каприздин” медициналык бөлүмүнө жеткиришти. Алдын-ала берилген маалыматка ылайык, эс алып жүргөндөр Орусия жарандары.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG