Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

УКМК экстремизм боюнча кармалган эки чет элдикти өнөктөштөргө өткөрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка караганда, кармалгандар КМШнын курамындагы мамлекеттердин биринин жарандары. 55 жана 33 жаштагы бул адамдар Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап жүрүшкөн.

Алар экстремисттик идеологияга үгүттөө жана аны жүзөгө ашыруу максатында өз өлкөсүндөгү кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөнү аныкталган. Атайын кызмат алар качан кармалганын тактаган жок. Белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилгени кабарланды.

УКМК Сирия менен Ирактагы согушкерлердин катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашканын, алардын жүзгө жакыны ошол жактан курман болгонун маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG