Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 01:47

Жогорку соттогу бош орундарга талапкерлер тандалды


Жогорку сот.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга талапкерлерди тандады. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Тилектеш Бегалиев “Азаттыкка” билдирди. Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алган. Бул алты талапкердин тизмеси президентке жиберилди.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт.

Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат. (ZB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG