Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Жанар Акаев “Кыргыз темир жолунун” жетекчилигин сындады


Кыргыз темир жолу.
Кыргыз темир жолу.

“Кыргыз темир жолу” Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев билдирип, "вагондор январь айында келип бүтүшү керек болчу" деп кошумчалады.

Депутат ошондой эле "Кыргыз темир жолу" Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин сындап, ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы мекемеге тиешелүү жерге мейманкана куруп, иштетип жатканын айтты.

- Ногойбаев башкарган "Кыргыз темир жолуна" тиешелүү жерге жетекчинин кызы Асел Ногойбаева "Инвесттранслогистик" фирмасы аркылуу мейманкана куруп, иштетип жатат. Бул мейманкананы Эсеп палатасынын аудиторлору мыйзамсыз деп тапканына карабай, иштеп жатат, - деди ал.

Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын азыркы жетекчилиги киреше алып келүүнүн ордуна ишкананы банкроттук абалга жеткирип жатканын айтып, "өкмөт татыктуу менежерди жетекчиликке алып келиши керек" деген оюн айтты.

Сөз болуп жаткан ишкананын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимов депутат Акаевдин сөзүн жокко чыгарып, эл өкүлү коомчулукту адаштырып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал Казакстанда аба ырайы суук болуп жатканына байланыштуу вагондор апрель айына чейин алынып келээрин, ишкананын жетекчисинин кызы "Кыргыз темир жолунда" иштегени менен, курулган мейманкана ага тиешелүү эмес экенин билдирди. Мындан тышкары, Каимовдун айтымында "Кыргыз темир жолу" Өзбекстандын карызын кече элек, бул маселе азыркы учурда сүйлөшүү этабында турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG