Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Азия чемпионаты: Медет кызы жана Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт


Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын чейрек финалдык таймашында. Бишкек, 1-март, 2018-жыл.
Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын чейрек финалдык таймашында. Бишкек, 1-март, 2018-жыл.

Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Мээрим Жуманазарова (68 кг.) жана Айпери Медет кызы (76 кг.) 3-орун үчүн күрөшөт.

Бүгүн күрөштүн бул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп жатат. Байге үчүн ат салышууга Кыргызстандын төрт өкүлү чыкты.

68 килограмм салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатынын (2017) коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын намысын коргоду. Жуманазарова алгач чейрек финалда жапон балбаны Мэй Хаякаваны 5:1 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Финалга чыгыш үчүн монголиялык Туменцецег Шархуу менен айыгышкан таймашта жеңилип (2:2), алтын байге үчүн күрөшпөй калды. Эми ал коло байге үчүн индиялык Дивя Какран менен таймашат.

76 килограмм салмакта Кыргызстандан былтыр жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Айпери Медет кызы килемге чыкты. Медет кызы чейрек финалда Хирое Минагавага 2:0 эсебинде жеңилди. Жапондук кыз финалга чыккандыктан кыргызстандык кызга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды. 3-орун үчүн таймашта Айпери Медет кызы түштүк кореялык Еунжу Хванг менен таймашат.

Финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.

Бүгүн килемге чыккан кыргызстандыктар Саяна Байызова (50 кг) казакстандык Закшевскаяга жеңилсе, Нураида Анаркулова түштүк кореялык Жиеун Умга чейрек финалда утулуп калып, мелдештерин жыйынтыкташты. Эртең дагы күрөштүн ушул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулат. Ал күнү Кыргызстандан жалгыз гана Мадина Надырова 53 килограмм салмакта килемге чыгат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. 3-мартта эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG