Кыргызгидромет билдиргендей, 1-2 мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Андыктан арыктарды тазалоо сунуш кылынат.
3-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы автожолдордо кар көчкү коркунучу сакталат. Машинелердин ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл.
2-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланат. Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;
Суусамырда түнкүсүн -9…-14, күндүз -5…-10;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;
Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз 3…5 градус жогору болот.