Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Украинанын "Нафтогазы" Орусиянын "Газпромун" соттон утту


Украинадагы газ компрессор. 15-октябрь, 2015-жыл.
Украинадагы газ компрессор. 15-октябрь, 2015-жыл.

Украинанын энергетикалык "Нафтогаз" компаниясы Орусиянын "Газпрому" менен талашта утканын билдирди. 28-февралда Стокгольмдогу Арбитраждык сот төрт жылдан берки талашка чекит коюп, "Газпромду" украиналыктарга 4,6 млрд. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирген.

2014-жылдын июнь айында "Газпром" менен "Нафтогаз" бири бирин айыптап, миллиарддаган долларга доо коюп, коммерциялык чырларды териштирген эл аралык сотко кайрылган.

"Нафтогаз" "макулдашылган көлөмдө Украина аркылуу газ өткөрбөгөнү үчүн "Газпром" кенемте төлөшү керек, транзит үчүн өтө аз акы төлөп жатат" деп сотко кайрылган.

"Сот мурда "Нафтогаз" газ менен камсыздоону кечиктиргени үчүн "Газпромго" акча төлөөгө милдеттендирген мурдагы чечимди эске алганда "Газпром" бизге 2 млрд. 560 млн. доллар төлөшү керек", деди "Нафтогаздын" басма сөз катчысы Елена Осмоловская.

Талаш Киев менен Москванын мамилеси бузулган маалга, Орусия Крымды каратып алып, Донбасста жикчилдер баш көтөргөн учурга туш келген.

XS
SM
MD
LG