Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Путин Федерация Кеңешинде орусиялыктарга кайрылды


Путин Федерациялар Кеңешинде сөз сүйлөп жатат. 1-март, 2018-жыл.
Путин Федерациялар Кеңешинде сөз сүйлөп жатат. 1-март, 2018-жыл.

Орусиялыктарга жылдык кайрылуусунда Владимир Путин мамлекет өз жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө көңүл бурушу зарыл экенин белгилеп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн технологиялык секирик талап кылынаарын айтты.

Мамлекеттик аткаминерлердин жана депуттардын алдында сүйлөп жатып, Путин Орусия өз экономикасын өнүктүрбөсө “өз эгемендигин жоготуп алышы” ыктымал экенин эскертти.

Орус президенти ушул тапта 20 миллион киши жакырчылыктын расмий белгиленген чегинен төмөн жашаарын эске салды. Ал саламаттык сактоо системасы да реформалоого муктаж болуп турганын белгиледи.

Владимир Путин - 18-мартта өтчү президенттик шайлоодо жеңип чыгат деп күтүлгөн талапкер.

XS
SM
MD
LG