Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Америкалык "Exxon Mobil" компаниясы Орусиядагы долбоорлорун токтотот


Орусиянын президенти Владмир Путин менен "Exxon Mobil" компаниясынын жетекчиси (учурдагы АКШнын мамлекеттик катчысы) Рекс Тиллерсон. 15-июнь, 2012-жыл.
Орусиянын президенти Владмир Путин менен "Exxon Mobil" компаниясынын жетекчиси (учурдагы АКШнын мамлекеттик катчысы) Рекс Тиллерсон. 15-июнь, 2012-жыл.

Мунай өндүрүшүндөгү бараандуу компания "Exxon Mobil" орусиялык “Роснефть” ишканасы менен биргелешкен геочалгындоо долбоорлорун жабат. Батыш өлкөлөрү Орусияга экономикалык санкцияларды киргизгенге чейин америкалыктар долбоорлордун келечеги кең деп баалашкан.

Барак Обама президенттикке келгенден кийин "Exxon Mobil" Арктикадагы жана башка жерлердеги мунай кендерин өздөштүрүүгө үч миллиард доллардан ашуун каражат жумшаган.

Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин Батыш киргизген санкциялардын айынан эки компаниянын кызматташтыгы татаалдашкан. "Exxon Mobil" Орусиядагы ишмердигин токтотууну былтыр чечкен. Биргелешкен долбоор токтогондон кийинки чыгым 200 миллион долларды түздү.

Ошол эле учурда америкалык компаниянын Сахалиндеги жаратылыш газын өндүрүү боюнча чейрек кылымдан берки долбоору улана берет.

XS
SM
MD
LG