Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:37

Украинада Антикоррупциялык сот түзүлөт


Жогорку Раданын төрагасы Андрий Парубий.

Украин парламенти оппозициячыл топтордун жана өлкөнүн сырткы колдоочуларынын талабы менен коррупцияга каршы сот түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. 1-мартта долбоорду биринчи окууда 441 депутаттын 282си колдоду.

Добуш берүүнүн алдында Жогорку Раданын төрагасы Андрий Парубий мыйзам чыгаруучуларды сунуш кылынган долбоорду колдоого үндөп, ага экинчи жана үчүнчү окууга толуктоолорду киргизсе болоорун белгиледи.

Европа Биримдигинин лидерлери жана Эл аралык валюта кору украин бийлигинен коррупцияга каршы чара көрүүнү талап кылган. "Трансперэнси интернешнл” уюмунун былтыркы рейтингинде Украина 180 өлкөнүн ичинен 130-орунду ээлеген.

Эл аралык валюта кору Украина антикоррупциялык сот түзүү менен Батыштын мыйзамдык стандарттарына багыт алды деп баалап, бул келечекте насыянын берилишин жеңилдетерин белгиледи.

Коррупцияга каршы сот түзүүнү Киевде нааразылыкка чыккан эл да бийликтен талап кылган. Президент Петро Порошенко "жаңы мыйзам былтыркы жылдын аягына чейин кабыл алынат" деп убада берген.

XS
SM
MD
LG