Жарандык авиация агенттиги "Тез жет" жеке менчик авиакомпаниясына таандык учактын Баткенге жетпей авариялык абалда Бишкекке конушун иликтеш үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу эл аралык “Манас” аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.
Бүгүн, 1-мартта "Бишкек-Баткен" рейсин аткарган учак жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон. Курбанова жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен экенин, комиссия кырсыктын себептерин карап жатканын билдирди.
Интернетте "учактын мотору күйүп, жарылгандыктан артка кайтты" деген маалыматтар тарап жатат. "Тез жет" компаниясын өкүлү "комиссия түзүлүп, жеринде иштеп жатат" дегенден башка маалымат айткан жок.
Аба каттамдарына күн-түн байкоо жүргүзгөн "Flightradar 24" глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан. Бүгүнкү окуя учурунда саатына 552 чакырым ылдамдыкта бараткан, 32 мүнөт учкан. Учакка 99 жүргүнчү батат. (КЕ)