Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов өзүнүн фирмасына лицензия берген деген факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу комиссия түзүүнү премьер-министр Сапар Исаков тапшырып, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев буйрук чыгарды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аталган агенттиктин лицензиялык комиссиясы Абасканов жетекчилик кылган фирмага лицензия берген деген фактыны иликтеп чыгат.

22-февралда беш компания жана төрт жеке ишкер лицензия алган. Алардын ичинде Абасканов негиздеген делген электр байланышы менен иштеген ОсОО IC BEST компаниясы дагы бар. Бул фирмага мөөнөтү чектелбеген лицензия берилген.

Абаскановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал бул кызматка 2017-жылы, Сапар Исаков түзгөн өкмөт курамы менен келген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG