Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:30

Бишкек-Ош унаа жолу бир тарапка убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош унаа жолу шагыл аралаш таш түшкөнүнө байланыштуу бир тарапка убактылуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-чакырымында (Аю-Булак тилкеси) көлөмү 1300 м3 кум аралаш шагыл түшүп, унаа жолу бир тарапка жабылган.

Жолду тазалоого №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.

XS
SM
MD
LG