Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

ЖК депутаты Фархат Иминов: мандатты тапшырууну чечтим


Фархат Иминов.
Фархат Иминов.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминов депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул кабарды “Азаттыкка” депутаттын жардамчысы Максат Алымбеков тастыктады.

Иминов өз кайрылуусунда мандатты тапшыруу анын жеке чечими болгонун, бул кадамды саясатка байлоонун зарылчылыгы жок экендигин жана шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирген.

“Депутаттык кызматымды аткарып жатып, мен өз ыйгарым укуктарымдын чегинде көп иш аткардым. Учурда Кыргызстандын жаңы президенти өлкөнүн келечегин жакшы жакка өзгөртө турган чечимдерди, олуттуу реформаларды жасайт деп ишенем. Ал эми мен өзүмдүн мындан аркы ишмердүүлүгүмдө өлкөмө жана элиме кызмат кыла берем” – деп жазылат депутаттын кайрылуусунда.

Борбордук шайлоо комиссиясы учурда Иминовдун мандатынан өз ыктыяры менен баш тартуу тууралуу арызы келе электигин кабарлады. (SDz)

XS
SM
MD
LG