Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Бакудагы өрттөн 24 киши өлдү


Баку, Азербайжан.
Баку, Азербайжан.

Бакудагы наркологиялык борбордо тутанган өрт 24 кишинин өмүрүн алып кетти. Саламаттык сактоо министрлиги үч киши ооруканага жеткирилгенин кабарлады.Дагы 34 бейтап куткарылды.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүндө өрткө электр системасындагы мандем түрткү болушу мүмкүн экени айтылат. Чукул кырдаалдар, ички иштер министрлери жана вице-премьер-министр окуя болгон жерге барып келишти.

XS
SM
MD
LG