Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Талас: Асыранды бала баккан эки үй-бүлө убара тартууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта эшигинин алдына ташталган ымыркайларды асыраган эки үй-бүлө эки жылдан бери алардын документин бүтүрө албай убара тартууда. Бул тууралуу алар “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Талас районунун тургуну төрөлгөнүнө беш күн болгон кызды дээрлик бир жылдан бери багып келе жатат. Ушул эле райондун дагы бир жашоочусунун эшигинин алдына эркек баланы калтырып кетишкен.

Учурунда райондук милиция "бул окуяларда кылмыш жок" деген бүтүм чыгарган. Ошондуктан эки үй-бүлө балдарды асыроо тууралуу документтерди топтой башташкан.

Бирок 2017-жылдын жайында Башкы прокуратура эки факты боюнча текшерүү жүргүзүп, ар бирине байланыштуу кылмыш иш козгогон.

Эки иш тең Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесинин ("Адамды коркунуч абалында калтыруу") негизинде козголгон.

Талас райондук прокуратурасы "тергөө дагы эле жүрүп, балдардын апаларын табуу аракети көрүлүп жатат" деп билдирди.

Жергиликтүү укук коргоочу Арзыкан Момунтаева териштирүү эки жылдан бери аягына чыкпай жатышын асырап алган үй-бүлөнүн да, алар багып алган балдардын да укугунун бузулушу деп атоодо. (AlS)

XS
SM
MD
LG