Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстанда ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган кыргызстандык боюнча коңшу мамлекеттин тиешелүү мекемелерине кайрылды.
Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-топтогу майып жаран, 37 жаштагы Эркинбек Тентемишев Тараз шаарындагы №158/4 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөөдө. Ал өзү абактын жетекчилиги аны улутуна карата кодулап жатканын билдирген.
Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, кыргызстандыктын укугун коргоого көмөктөшүүнү, эгерде анын айтканы далилденсе, айыптууларды жоопко тартууну өтүндү.
Ошондой эле ал жаранды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн караштырыш үчүн Башкы прокуратурага жана Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү.