Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Аргентинадан Орусияга кокаин ташыган деп шектелген адам кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Берлиндин жака белинде полиция дипломатиялык каналдар аркылуу Аргентинадан Орусияга кокаин ташыган деп шектелген Андрей Ковальчук аттуу адамды кармалды. Ковальчуктун адвокаты жакынкы күндөрдө полиция аны камоо ордерин соттон алууга аракеттенерин айтты.

Өткөн жумада тараган кабарларга караганда, декабрда Орусиянын Аргентинадагы элчилигинин мектебинде 400 килограммдай маңзат салынган 12 чемодан табылган. Чемодандар дипломатиялык жүк катары катталган. Маңзат аткезчилигине тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн кокаинди кадимки унга алмаштырып, Москвага жөнөтүшкөн. Бул иште элчиликтин мурдагы кызматкерлери, аргентиналык мурдагы полициячы жана уюштуруучу катары Ковальчуктун ысымы аталууда. Орусияда иштин алкагында үч киши колго түштү.

XS
SM
MD
LG