Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:27

Навальный 3-мартка белгиленген курултай болбой калганын билдирди


Орусиялык саясатчы, оппозиционер Алексей Навальный Прогресс партиясынын 3-мартка белгиленген курултайы болбой калганын билдирди. Буга жыйын үчүн имарат берчү тараптын келишимди күтүүсүз токтоткону негиз болгон.

Курултай Москвада, "Кабинет - Новая площадь" компаниясы ижарага берчү имаратта өтмөк. 2-мартта Юстиция министрлиги жыйын кай жерде жана кайсыл убакытта болорун так көрсөтүү боюнча саясатчыга билдирүү жөнөткөн. Ал тапта ижарага имарат берчү тарап келишим токтотулганын маалымдаган.

Алексей Навальный быйыл январда Прогресс партиясын каттоодон өткөрүүгө жетинчи ирет аракет башталганы тууралуу айтканын "Медуза" кабарлаган. Курултай ушул жараянды талкуулоо үчүн уюштурулуп жаткан эле.

XS
SM
MD
LG