Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Аймактарда Туу күнүнө карата жүрүш өттү


Жалал-Абаддагы жүрүш. 3-март, 2018-жыл.
Жалал-Абаддагы жүрүш. 3-март, 2018-жыл.

Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү бийликтер 3-март - Туу күнүнө карата жөө жүрүш уюштурушту.

Жалал-Абадда эки миңден ашуун киши катышкан акцияда Ленин, Пушкин көчөлөрүн бойлой Кыргызстандын желегин көтөрүп өтүштү.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик башындагылар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, мугалимдер катышкан жүрүш борбордук аянтта аяктады. Аягында аскерлер 27 метр бийиктикке тууну көтөрүштү.

Баткен шаарында жүздөгөн кишилер туу көтөрүп, майрам өткөрүштү. Ошондой эле аскер бөлүктөрүндө салтанат уюштурулду.

Баткендеги жүрүш. 3-март, 2018-жыл
Баткендеги жүрүш. 3-март, 2018-жыл

Ушул сыяктуу эле акция Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө да өттү. Бишкек мэриясы да датага байланыштуу салтанат уюштурду.

Кыргызстанда "Туу жөнүндө" мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. Бул датага байланыштуу президент да элге куттуктоо жолдоду. (RsK\JsA\MiK\AsM)

XS
SM
MD
LG