Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:59

Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн Усупов жана Догдурбек уулу күрөшөт


Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөштөн Эламан Догдурбек уулу жана Айбек Усупов коло байге үчүн күч сынашат. Бүгүн, 3-мартта эркин күрөш боюнча беш салмак категориясында байгелер ойнотулуп жатат.

70 килограмм салмакта килемге чыккан Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда кытайлык Менгежиган Менгежиганды 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда өзбекстандык Ихтиёр Наврузовго утулду (2:5). Алдыда коло байге үчүн индиялык Кумар Омпракаш менен таймашат.

97 килограмм салмакта күрөшкөн Айбек Усупов үч беттеш өткөрдү. Алгач тажикстандык Рустам Искандарини 21:8 эсебинде жеңди. Чейрек финалда өзбекстандык Магомед Ибрагимовго 5:0 эсебинде утулду. Өзбек балбаны финалдык таймашка жолдомо алгандыктан Усуповго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул беттеште кыргыз балбаны түркмөнстандык Зиямухаммед Сапаровду 11:0 эсебинде жеңди. Алдыда 3-орун үчүн жапониялык Такеши Ямагучи менен күч сынашат.

65 килограмм салмактагылар арасында жооткотуучу беттешке чыккан кыргызстандык Эрназар Акматалиев түндүк кореялык Кукванг Кимге утулуп (8:8) байгесиз калды.

Финалдык таймаштар саат 18:00дө башталат. Мелдештин жүрүшүн КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 27-февралда башталган. 4-мартта аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG