Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Авариялык абалда конгон учак боюнча кылмыш иши козголду


Авариялык абалда конгон учак, 1-март, 2018-жыл.
Авариялык абалда конгон учак, 1-март, 2018-жыл.

Бишкек-Баткен багытында учуп баратып, кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана алардын техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу" боюнча иликтенип жатат.

1-мартта "Тез жет" авиакомпаниясынын "Бишкек-Баткен" каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учактагы жүзгө жакын адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Жарандык авиация агенттиги иликтөө комиссиясын түзгөн.

Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн "Flightradar 24" глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, учак 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийикте бараткан. Ошол күнү 32 мүнөт учкан.

Кыймылдаткычы күйгөн "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан жана ага 99 жүргүнчү батат. (SE)

XS
SM
MD
LG