Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:22

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөштөн кыргызстандык Муслим Евлоев финалдык таймашка чыкты.

Бүгүн, 4-мартта 74 килограмм салмакта күрөшкөн Евлоев жарым финалда ирандык Мостафа Мохаббали Хоссейнханини 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалга чейин ал эки беттеш өткөрүп алгач тажикстандык Сорбон Абдулхаевди 11:0, чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурат Оразгылыжовду 12:2 эсебинде утту.

Алтын байге үчүн финалдык таймашта Муслим Евлоев монголиялык Мндахнаран Ганзорик менен күч сынашат. Финалдык таймаштар саат 18:00дө башталат. Мелдештин жүрүшүн КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө.

Бүгүн килемге чыккан кыргыз балбандарынан Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн таймашат. Бактияр Карагулов (92 кг.), Мурат Рамонов (125 кг.) жана Динисламбек Таалайбек уулу (86 кг.) утулушту.

27-февралда башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты бүгүн аяктайт.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду алган. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG