Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

"Оскар" сыйлыгынын кезектеги жеңүүчүлөрү бүгүн аныкталат


Америка киноакадемиясынын "Оскар" киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү бүгүн, 4-мартта Лос-Анжелестеги "Долби" театрында аныкталат. Сыйлык тапшыруу аземи ушуну менен 90-жолу жолу уюштурулууда.

2017-жылы чыккан тасмалар боюнча жеңүүчүлөр негизги он багытта жана кошумча 14 багытта аныкталып, сыйланышат.

"Мыкты фильм" наамын алууга тогуз кино ат салышууда. "Мыкты режиссер", "Мыкты актриса" жана "Мыкты актер" багыттарында бештен талапкер бар.

Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталган. Добуш берүү 20-февралда старт алып, 28-февралда аяктады.

Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген. (SE)

XS
SM
MD
LG