Италиялык "Фиорентина" клубунун оюнчусу, өлкөнүн футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Давиде Астори 31 жашында көз жумду. Бул тууралуу аталган клуб 4-мартта маалымдады. Клубдун "Твиттердеги" билдирүүсүнө караганда "Фиорентинанын" капитаны оорудан көз жумган. Маалыматтарга караганда, Астори эртең мененки тамакка келбегенден кийин анын командасында ойногондор бөлмөсүнө киришип, капитандын жансыз денесин табышкан.
Окуя Италиянын түндүк-чыгышындагы Удина шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Бүгүн түштөн кийин "Фиорентина" менен "Удинезе" беттешмек.
Давиде Астори футболдогу карьерасын 2001-жылы "Милан" клубунда баштаган. Жети жылдан кийин футболчу "Кальяри" клубуна өтүп, 174 матчта ойногон. 2015-жылы Астори "Фиорентинага" өтүп, кийин команданын капитаны болгон. Артында жубайы жана эки жашар кызы калды.