Пакистандагы индус азчылыгынан өлкөнүн Сенатына алгач ирет аял талапкер өттү. 3-мартта өткөн шайлоодо "Талибан" кыймылы менен байланышы бар талапкер утулуп калды.
39 жаштагы Кришна Кумари Кохли - Пакистан элдик партиясынын мүчөсү. Анын Сенатка өтүшү Пакистандагы аялдардын жана азчылыктардын укуктары жагынан чоң жеңиш катары сыпатталууда.
"Ассошейтед пресс" агенттиги менен болгон маегинде ал: "Мен абдан кубанычтамын, Сенат мен үчүн кол жеткис кыялдай сезилер эле. Мен жабыркаган элдин укугун коргоо багытындагы ишимди улантам. Өзгөчө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүүгө салым кошуп, алардын саламаттыгы жана билим алышы үчүн иштерди жүргүзөм", - деп алдыга койгон максаттары менен бөлүштү.
Пакистандагы индустардын көпчүлүгү 1947-жылы Индияга көчүп кетишкен. Учурда алар Пакистандагы 200 миллиондон ашуун калктын 5,5 пайызын түзүшөт.