Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Словакияда журналисттин өлүмү бийликти кризиске кептеди


Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.
Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөттөрү.

Словакиянын президенти Андрей Киска журналист Ян Куциактын өлүмүнөн кийин өкмөт курамын алмаштырууну же кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

Бул тууралуу ал телеканал аркылуу коомчулукка кайрылуусунда билдирди.

Президент Словакия өкмөтүн "текеберчилик кылып жатат" деп айыптап, өкмөт жарандардын ишеничин кайтарыш үчүн кандай аракет кыларын байкаш үчүн атайын бир жума күткөнүн айтты.

- Айрымдар кызматтан кетишти. Бирок мен өлкөнү ишеним кризисинен чыгаруу максатында түзүлгөн бир да план көрө албадым, -деп баса белгиледи президент.

27 жаштагы Ян Куциак менен анын курбу кызынын сөөгү 26-февралда Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган.

Журналист өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министрдин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань, башкаруучу партиянын мүчөсү, маданият министри Марек Мадьярич кызматтан кетишкен.

Aktuality.sk интернет басылмасы жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор (OCCRP) менен кызматташкан журналист акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражатты колдонууга италиялык мафиянын аралашканы, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин иликтеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG