Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргызстанда үч жүздөй илбирс бар


Ак илбирс.
Ак илбирс.

Бул маалыматты 3-март Жапайы жаратылышты коргоо күнүнө карата ПРООНдун илбирстерди коргоо боюнча Кыргызстандагы атайын долбоорунун өкүлдөрү кабарлашты. Ага ылайык, быйылкы жыл жок болуп кетүү коркунучунда турган бул жаныбарларды коргоого алуу жылы деп жарыяланган.

Маалыматта айтылгандай, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш дүйнөлүк коомчулукту жапайы жаныбарлардын бул түрүн коргоого жана Жер планетасынын баа жеткис байлыктарын сактоого чакырды.

ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы «Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктары ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк 20 ландшафттын тизмесине киргизилген.

Ак илбирс – кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар катары сыпатталып, кыргыз элинин колдоочусу болуп эсептелип келген.

Бул жаныбар өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин өлкөнүн бир топ жеринде кездешсе, акыркы жылдары анын саны эки эсе азайып, Нарын, Ысык-Көл, Алай тоолорунда гана калган. Акыркы жети жылда илбирске аңчылык кылган бир окуя катталып, күнөөкөр жазасын алган.

Буга чейин ак илбирстерге аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, былтыр кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча айыппулдун көлөмү бир жарым миллион сомго көтөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG