Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет


Ак калпакчан бүркүтчү.
Ак калпакчан бүркүтчү.

Калпак күнүнө байланыштуу майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык райондорунда уюштурулат. Мектептерде, окуу жайларда калпактын мааниси тууралуу атайын сааттар өткөрүлүп, калпак жана башка улуттук кийимдердин көргөзмөсү, сүрөт сынактары, концерттер болот.

Адатта бул күндү чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилеп, сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашат.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, коомдук унааларда, ишкана, окуу жайларда калпак кийгендер көбөйөт.

Өткөн жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Ал эми 5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG