Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик иш сапары менен Тажикстанга барганда аны 12 миңге жакын мектеп окуучусу жана студенттер тосуп алат. Өзбек лидеринин Дүйшөмбүдөгү расмий иш сапары 9-мартка белгиленди.
Маалыматка караганда, учурда студенттер менен окуучулардын катышуусунда өзбек делегациясын тосуп алууга даярдык көрүлүп жатат.
Ага катышкан студенттердин биринин айтымында, ал күнү балдар костюм-шым кийип, жагоо тагынышат, кыздар болсо улуттук кийим кийишет.
«Даярдык иштери Билим берүү жана илим министринин көзөмөлүндө болот. План боюнча, колдоруна желек кармаган балдар жолдун эки тарабына үч катардан тизилип, Өзбекстандын президентин «Кош келиңиз!» деген сөздөр менен тосуп алышат», - деди ал.