Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Түркмөнстанда азык-түлүк сатууга жаңы чектөөлөр киргизилди


Ашхабад, 6-ноябрь, 2016-жыл.
Ашхабад, 6-ноябрь, 2016-жыл.

Түрмөнстанда дүкөндөрдө кезек күткөндөр көбөйдү. Мамлекеттик телеканалдар болсо өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин билдиришүүдө.

28-февралдан тартып Ашхабаддын мамлекеттин көзөмөлүндөгү дүкөндөрүндө киргизилген чектөөлөргө ылайык, бир кишиге 1 килограммдан ашпаган ун жана жарым килограммдан ашпаган шекер сатылууда. Буга чейин бир адамга 5 килограмм ун жана 1 килограмм шекер сатылып келген.

Шаар тургундарынын айтымында, дүкөндөрдө азык-түлүктүн ун, шекер жана өсүмдүк майы өңдүү түрлөрү 1-2 сааттын ичинде эле түгөнүп, кезек күткөндөр тез эле көбөйүп кеткен.

Акыркы бир нече айдан бери Түркмөнстанда ун тартыш. 24-февралда Дашогуз облусундагы дүкөндөрдө үй-бүлөнүн ар бир чоң мүчөсүнө айына 5 килограммдан ашпаган ун сатылып, ошол маалда жашы жете элек балдар эсепке алынбай жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG