Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 20:57

Жогорку соттун алдына нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылышууда. Митингде сөз алган көзү азиз активист Каныбек Мырзаканов мындай деди:

- Катардагы жарандардын Жогорку соттун судьяларынан "Кыргызстандын Конституциясын бузбагылачы!" деп келип жатканынын өзү уят. Анткени силер мыйзамды сакташыңар керек. Биз мыйзам бузууга көз жуумп, жалган жалаа менен чечим кабыл алууга жол берип жаткан Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага​, адам укуктарынынын тебеленип жатканына көз салбаган башкы прокурор Индира Жолдубаевага, элдин мыктыларына кылмыш иштерин токуп жаткан УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге каршы чыгып жатабыз. Алар кызматтан кетиши керек. Жөн эле кетпей, жоопкерчиликке тартылып, анан кызматынан алынышы зарыл.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-депутат Чолпон Жакупова Кыргызстандагы сот системасында эч кандай реформалар жүрбөй жатканын айтып, сотторду тазалоону талап кылышты.

Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат. Бүгүн Соттордун эл аралык күнү. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG