Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Оскар-2018: "Суунун калыбы" мыкты фильм аталды


"Мыкты актриса" деп табылган Фрэнсис МакДорманд.
"Мыкты актриса" деп табылган Фрэнсис МакДорманд.

"Суунун калыбы" фильми "Мыкты тасма" багытында "Оскар" сыйлыгын алды. Аны тарткан Гильермо Дель Торо "Мыкты режиссер" деп табылды.

Америка киноакадемиясынын "Оскар" киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрүн сыйлоо 4-мартта Лос-Анжелестеги "Долби" театрында өттү.

"Мыкты актриса" деп Фрэнсис МакДорманд табылды. Ал «Эббинг четинде үч билборд, Миссури» фильминдеги ролу үчүн сыйланды.

"Мыкты актер" наамын "Кыйын кезең" фильминдеги ролу үчүн Гарри Олдман жеңди.

"Оскар" тапшыруу аземи ушуну менен токсонунчу жолу уюштурулууда. Анда 2017-жылы чыккан тасмалар боюнча мыктылар аныкталды.

Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталып, быйыл 28-февралда аяктаган.

Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген. (SE)

XS
SM
MD
LG