Кара-Суу районунда акчасын каракташ үчүн киши өлтүрүп салган, үч адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, 25-февраль күнү Кара-Суу районунун 54 жаштагы Н.Х. аттуу тургунун белгисиз жарандар өз үйүндө өлтүрүп кеткени тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү ("Мыкаачылык менен киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Тергөө учурунда ал катуу сабалып өлтүрүлгөнү аныкталган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 24 жаштагы эки тургуну (Х. уулу Б., А. уулу А.) жана 25 жаштагы бир тургуну (Б. уулу У.) кармалган. Шектүүлөр сурак учурунда тургунду каракташ үчүн кирип өлтүрүшкөнүн мойнуна алышкан. Алар маркумдун жанынан 270 миң сом акчасын алып кетишкен.
Каза болгон жаран Орусияга иштеш үчүн кете турган адамдарга паспортун даярдоого жардам берип жүргөндүктөн, анын жанында 22 адамдын паспорту да болгон. Кылмышка баргандар аны да алып кетип, изин жашырыш үчүн өрттөп жиберишкени аныкталды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)