Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Асылбек Өзүбеков Кыргыз драма театрын жетектейт


Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Асылбек Өзүбеков Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койду.

Маалыматка караганда, театрдын мурдагы башчысы Назым Меңдибаиров өз арызы менен иштен бошоп, көркөм жетекчи кызматына өттү.

Асылбек Өзүбеков - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, “Тунгуч” театрында эмгектенип келген. (ZA)

XS
SM
MD
LG