Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Нарында акцияга чыккандар "Жемкор соттор кетсин!" деген талап коюшту


Нарын шаарындагы акция. 5-март, 2018-жыл.
Нарын шаарындагы акция. 5-март, 2018-жыл.

Нарын шаарындагы облустук соттун имаратынын алдында бүгүн жыйырмадай киши акцияга чыкты.

Алар Кыргызстанда соттор коррупцияга малынганын айтып, таза иштебеген судялар иштен кетиши керек экенин айтышты. Акциянын катышуучулары "Саткын соттор кетсин!", "Адамдын тагдыры менен ойнобогула!", "Адилетсиз сот, прокурорлорго наалат!", "Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы демилгесин колдойбуз!", "Элдин ишеничин актагыла!" деген жазууларды кармап турушту. Өз талаптарын айткандан кийин алар тарап кетишти.

Бишкекте да жарандык коом өкүлдөрү акцияга чыгып, сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту, мыйзам бузууну токтотууну талап кылышты. "Биз коррупцияга каршыбыз!" деген ураан чакырган активисттер Ак үйдүн алдында президент Сооронбай Жээнбековдун өкүлү чыкпай койгондон кийин кайрадан митингге чогулмай болуп тарашты.

Кыргызстанда бүгүн сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG