Ош шаарында 5-мартта Ак калпак күнү белгиленди. Калаанын борбордук аянтында өткөн иш-чарага онго жакын улуттун өкүлдөрү катышты.
Алар өз тилдеринде жана кыргыз тилинде калпак тууралуу ырларды окуп беришти. Калпак күнүн белгилөөгө окуу жайлардын студенттери, шаар тургундары тартылып, кыска аралыкка жөө жүрүш да уюштурулду.
5-мартта Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Ошондон бери жыл сайын 5-мартта Кыргызстандын көчөлөрүндө ак калпак кийип жүрүү салтка айланып баратат.
Былтыр Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. (MdN)